7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беларусь менен Армениянын парламенттик делегациялары келишти

515

Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова баштаган жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегациялар Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Сыйлуу конокторду Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

516