7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекке Беларусь премьер-министри Роман Головченко келди

592

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь премьер-министри Роман Головченкону Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Роман Головченко үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593