7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Белгилүү журналист Сталбек Абдыраев дүйнө салды

225

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. 63 жаш курагында белгилүү журналист Абдыраев Сталбек Нурмамбетович дүйнөдөн кайтты.

Сталбек Абдыраев 1962-жылы 26-февралда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1984-жылы Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство жогорку окуу жайынан методист-уюштургуч адистигин алып, Нарын шаарында советтик партиялык кызматтарда, 1993-жылдан тарта Нарын областында уюштурулган телевидениеде алгачкы диктор болуп иштеген.

Ошондон бери журналисттик кесипти аркалап, “Сары-Өзөн”, “КООРТ” телевидениелеринде диктор, алып баруучу, 2001-жылдан тарта КТРдин “Ала-Тоо” маалымат аналитикалык борборунда “Жаңылыктар”, “Басма сөзгө баяндама” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу, кабарчы, Чүй областы боюнча өз кабарчы болуп эмгектенген.

2016-жылдын август айынан тарта ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясында редактор, Чүй областы боюнча аймактык кабарчы болуп эмгектенип жаткан.

Сталбек Абдыраев 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргызстандын Журналисттер союзунун мүчөсү, Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Өчпөгөн жылдыз”, “Жолдубай” ж.б. китептердин автору.

7-каналдын жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

226