7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бердибек Жамгырчиев: «Чек арага кийлигишем деп, зыяныбызды тийгизип албайлы!»

724

Чек арага кийлигишем деп, зыяныбызды тийгизип албайлы! Бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе каралып, жыйын тууралуу жазуучу Бердибек Жамгырчиев өзүнүн оюн билдирди.

«Чек ара маселесин шылтоо кылып, максаттуу бир каршылык саясаты болуп жаткандай сезилет.. “Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча протоколду ачыктагыла” деген талаптар айтылууда. Бул суроо Өзгөн районунун тургундары тарабынан көтөрүлүп, ал жакка Президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Ташиев өздөрү барып, эл менен жолугуп, келишимге ылайык Кыргызстан кандай артыкчылык позицияны ээлеп жатканы тууралуу айтып беришти.
Айрыкча, фейсбукта айрым блогерлер, саясатчылар тынчыбай, өтө эле элди козутуп жатканын байкап жатам! Ошолорду эске алып, президент дагы кечээ “ачык көрсөтүп бергилечи” деди. Бүгүн, Жогорку Кеңештин комитетинде сын айтып жаткандарды чакырып алып, маалымат берилип жатат. Каалоочулардын баары киргизилди. Ага дагы келбей коюп, “жок түз эфирде жарыялагыла” дегендерди окуп таң калып жатам..

Мамлекеттер аралык чечилип жаткан чоң сүйлөшүүдө, ар ким эле оюна келгенди жаза бербесе деп айтат элем. Бизге жеткен маалымат боюнча, көп артыкчылыктарга ээ болуп жатыппыз. Талаш болуп эсептелген тилкелер бизге өтүп жатыптыр. “Кемпир-Абад суу сактагычынан мурда пайдалана албайт элек, азыр насосторду коюп, суу тартсак болот экен. Убагында балык кармай албачу экенбиз, азыр ага дагы уруксат бар. Плотинаны Кыргызстан менен Өзбекстан бирдей көзөмөл кыла турган болуптур. Аны дагы мурда Өзбекстан гана көзөмөл кылчу.

Интернетте видеолор жүрөт, бир нече жерде тосулган зымдар алынып, Өзбекстан өздөрү тарапка жылып жатканы тууралуу. Биз сыяктуу Өзбекстанда деле эли бар, оппозициясы бар. Эртең алар дагы чыгышы мүмкүн, “Кыргызстанга жерди берип салган турбайсыңарбы”-деп. Аларда дагы коркунуч бар. Эми жакшы чечилип жаткан келишимге кийлигише берип, сүйлөшүүнү бузуп албайлы. Тартип керек, мамлекеттин кызыкчылыгы деген бар! Бийлик кызыккандарга бүт көрсөтүп жатат. Маселе жок. Демек, элге деле көрсөтө алат. Бул жерде маселе Өзбекстан тараптын эли каршы чыгып, келишим бузулуп кетпесин деген ойдо болуп жатканы көп эле адамга түшүнүктүү болгонсуду.. Бирок кимдер эле такыр түшүнгүсү келбей жатат, бул жагы абдан одоно жана таң калычтуу!

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе каралды. Чек ара маселесин карап жаткан комитеттин жыйыны бардык каалоочулар үчүн ачык өттү. Бирок, видео тартууга тыюу салынды, анын себебин Камчыбек Ташиев түшүндүрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725