7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Райондор Курултайга даярдык көрүүдө

605

Борбор калаанын акимиаттары Курултайга даярдык көрүүдө.

Даярдык иштери президенттин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 15-сентябрдагы №44 “КРнын президентинин жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралардын планы түзүлүп, Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилди.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйынында иш-чаранын датасы 2022-жылдын 5-ноябрына белгилөө чечими кабыл алынган, ага байланыштуу жергиликтүү курултайлар республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Ал эки этапта өтүшү керек: Адегенде жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат, андан кийин ыйгарым укуктуу делегаттардын катышуусунда Элдик курултай өткөрүлөт.

Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет, алар кезексиз сессиянын чечими менен биринчи Элдик курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү курултайды чакырышат.

Ал эми, жергиликтүү курултайга делегаттар айылдын же шаардын тургундарынын санына жараша шайланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606