7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бети-башымды уруп, тепкилеп…» SuperTV’нын кабарчысы сабалды

1354

SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков сабалды. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу редакция өзү жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда кабарчыны 4 белгисиз жаран сабап кеткен. Журналисттин айтымында, кечээ күнү редакциянын номерине белгисиз жаран аны издеп чалганын, ага чейин да чалуулар болуп, аны коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн. «Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө «Бул SuperTV’нын журналисти» деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр», — деген Бактурсун Жоробеков.

Учурда SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков Ленин райондук милициясында арыз жазып жаткандыгы айтылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1355