7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерден ири суммадагы акча жана эки батир талап кылган жаран кармалды

413

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап, Бишкектен эки батир талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын октябрь айынын башында милицияга  Баткен облусунун тургуну май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана  физикалык күч менен коркутуп, 3 млн сом акча каражатын опузалап, ошондой эле , Бишкектен эки батир талап кылып жаткан бейтаныш жаранга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Опузалап талап кылуу) боюнча  кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаранын натыйжасында ушул жылдын 25-октябрында 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 миң АКШ долларын түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүүнү кармашкан.

Шектүү Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д болуп чыкты. Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери жана мурда бир нече жолу соттолгон.

Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык,шектүү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

414