7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БГУда декандын орун басары студент кызга тийишип, 18 жаштан тарта каалаганын кыла аларын айтты

2417

Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенти декандын орун басары К.Т.нин жүрүм-турумуна арыз жазды.

Анын айтымында, замдекан ары-бери өткөн элди көзгө илбей, студент кыздарга тийишет.

«Студент кыздарды кемсинтип, кыйкырып, орой мамиле кылуу ал үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган. Кээде кол көтөргөнгө чейин барат. Мисалы мени жини менен түртүп салган. Анын атына арыздануулар көп эле болот. Биринчи курстагы студенттин окуясы дале университеттегилердин эсинде. Ал арызданууга аракет кылган, бирок эч нерсе өзгөргөн эмес. Кийин замдекан аудиториядагы студенттердин көзүнчө бул аракети сессиясына таасирин тийгизет деп айткан», — дейт студент.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)


Видеодо көрүнүп тургандй декандын орун басары белгисиз кызга «18 жаштасыңбы? Демек сени менен каалаганымды жасасам болот экен да?!» — деп кыйкырганын даана угууга болот.

Кийинчерээк, окуяга күбө болгондордун бири факультеттин деканы Таласбек Машраповго кайрылган.

«Декан мындай жүрүм-турум туура эмес экенине кошулуп, бирок замдеканга алгачкы жолу арыздануу болуп жатканын белгилеген», — дейт күбө.

Видеодон эркек иши  «Этият болуңуз, бул келесоо кайра телефонун иштетип алды. Муну ушул чыгарган», — деп алдынан чыккан кишиге кайрылган. Бул декандын орун басары декан Машраповго кайрылуусу болгон. Ан декан: «анда өзүңөр чечишип алгыла» деп жооп берип кетип калган. Декандын орун басары дароо студенттин колунан телефонун жулуп алган.

Видеодогу кыз апасы менен деканатка келип, бул боюнча кандай чара көрүлө тургандыгын Таласбек Машраповдон сурап эч кандай жооп ала алган эмес.

 

Булак: Кактус

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2418