7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийлик бул жылы мамлекеттик карыздын 37 млрд 266 млн сомунан кутулууну пландап жатат

872

Жыл башынан бери (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарпталган. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен 11,2 миллиард сом тышкы карызды төлөөгө жумшалган. Былтыр ушул эле мезгилде мамлекеттик карызды тейлөөнүн суммасы 18,1 миллиард сомду түзгөн.

Бул жылы Кыргызстан 37 миллиард 266 миллион сомунан кутулууну пландап жатат. Муну рекорддук сумма деп атаса болот. Бирок төлөө мөөнөтүн жылдыруунун эсебинен азайып калышы да мүмкүн.

Жыл сайын насыянын төлөмдөрү өсүп жатат. Мисалы, быйыл январь-июлда эле 21,8 миллиард сом сарпталса, 2017-жылы бир жылдык төлөм 20,6 миллиард сом болгон.

Учурда мамлекеттик карыздын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

873