7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран кармалды

450

Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо фактысы боюнча Нарын шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

15-июлда Нарын шаарынын У.М. аттуу тургуну кармалып, ал узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды (посттор, комментарийлер, шилтемелер ж.б.) жарыялаган.

КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына дайындалган соттук-лингвистикалык жана соттук-саясий экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык, М.У тарабынан жарыяланган материалдарда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар экендиги аныкталган.
Аталган жаран 2021-жылы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринин активдүү мүчөсү болуп, аталган партиядан талапкерлигин койгон, бирок тиешелүү добуштарды ала алган эмес.

Кармалган жаран Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

451