7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү министирлиги мугалимдер менен видео конференция аркылуу жолугушту

471

Билим берүү жана илим министрилиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен видео конференция аркылуу жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.

Конференцияда министрдин орун басары Надира Джусупбекова мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, жетекчилерге мугалимдердин кыскартылган иш кагаздарын кайрадан талап кылбоосу эскертилди.
Мындан тышкары, Надира Джусупбекова Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметовго реалдуу режимге өткөн билим берүү уюмдарында санитардык нормаларды так сактоо, кышкы жылытуу мезгилинде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

Андан сырткары, Джусупбекова мугалимдерге тиешелүү кыскарган иш кагаздар боюнча маалыматтын так жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Видео конференциянын жыйынтыгында министрдин орун басары менен Билим берүү академиясынын президенти мугалимдердин суроолоруна жооп беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

472