Билим берүү министри Каныбек Иманалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов окуган Төлөн Исмаилов атындагы мектептен кабар алып, министрликтин атынан компьютер белек кылды.
Аталган кызматтан билдиришкендей, министр сентябрь айында дагы компьютер жана китептер бериле тургандыгын убадалады.