7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы «Телтору» ат майданында миңден ашуун адам ишембиликке катышты

570

Бүгүн Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында массалык ишембилик өтүүдө.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сузак районунундагы «Телтору» ат майданында миңден ашуун адамдын катышуусундагы массалык ишембилик уюштурулду.

Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук, Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын жамааттары жана студенттер катышты.

Облус башчысы ишембилик президенттин жарлыгына ылайык өткөрүлүп жатканын айтып, Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 9-май Жеңиш күнүнө карата «Телтору» ат майданында көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өткөрүү пландалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571