Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – райондордун акимдерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондо КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык:
— Набиев Адыбек Асанович — Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;
— Субагожоев Жакыпбек Мойдунович — Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;
— Бахавадинов Эрмек Ибрагимович — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;
Ошону менен бирге, Министрлер кабинетинин төрагасы – КРнын президентинин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун тескемелери менен:
— Манапов Уристем Ибраимович — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич- президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды;
— Бактыгулов Турсунбек Аманбекович — Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;
— Мамадалиев Шакир Шамшидинович — Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;
— Осмонов Бактыбек Арапбаевич — Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка адилет жеткиликтүүлүктү камсыздоо, дискриминацияга жол бербөө, кесипкөй мамлекеттик аппаратты калыптандыруу негизги милдет болуп саналат.
Жаңы мамлекеттик саясаттын алкагында бардык дайындоолор региондук кадр резервинен алынып, жүргүзүлөт, анда протекционизм, колдоочу же патронаж аркылуу дайындоолор жокко чыгарылат жана мамлекеттик кызматкерлерге карьералык мүмкүнчүлүктөр каралган.
Региондук резервди түзүүнүн негизги максаты – жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу.
Бул кадрдык дайындоолор башкаруу ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.