Панфилов районунда кишини өлтүрүп сууга ыргытып жиберишкен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Окуя болгон жерге милиция барып маркумдун денесинде зомбулуктун издери бар экендигин аныктап, соттук-медициналык эксперт тарабынан да тастыкталган. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, маркум 1968-жылы туулган В.Х. аттуу жаран экендиги такталган.
Кылмышка шектелип 1978-жылы туулган жана 1962-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул окуя ичкилик ичип отурушуп ортодогу чырдан улам келип чыгып, кылмыш жообунан кутулуу максатында өлгөн адамдын денесин Чоң Чүй каналына алып барып ыргытып жиберишкени аныкталган.
Учурда тергөө уланууда.