7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү министри Бишкектеги акыл-эси кеч өрчүгөн балдардын абалы менен таанышты

245

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.

«Аталган бала бакчада сүйлөөсү начар, угуусу начар жана акыл-эсинин өрчүсүндө бузулуулар болгон балдар тарбияланат.
Алмазбек Бейшеналиев пандемия шартындагы иштин жүрүшү менен, бала бакчанын жалпы абалы менен таанышты. Министр балдар жана мугалимдер менен баарлашып, бала бакчанын кем-карчын сурады. Андагы айрым жабдыктар (түстүү принтер, ноутбук жана 2 интерактивүү доска) жетишпей келген. Министр аталган жабдыктарды жакын арада бала бакчага жөнөтө тургандыгын убадалады
«-деп айтылат маалыматта.

Ага катар, Алмазбек Бейшеналиев бала бакчанын жетекчилигине министрликке кайсы багыттардагы мугалимдерге талап болуп жатканын көрсөтүүсүн тапшырды.

“Билим берүү министрлигинин долбоордук багыттарына ылайык, Арабаев атындагы мамилекеттик университет жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту инклюзивдик билим берүүчү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү) мугалимдерди даярдай баштайт. Министрлик аларды бюджеттик негизде окутуп, даярдап берет”, — деди министр.


Алмазбек Бейшеналиев сөзүн улай: “Учурда жалпы эле республикада атайын билим берүүчү бала бакчалар жетишпейт. Бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечишибиз керек”, — деп белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

246