11-ноябрдан 17-ноябрга чейин 19 миң 508 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 1 180;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 287;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 279;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 490;
-Авто ээнбаштык — 6;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 243;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары -11 859.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 678 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.