7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бирөө эгиз. Жаңы жыл түнү 276 ымыркай төрөлгөн

702

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын 143 – эркек, 133 – кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 15 эне кесарево жолу менен төрөгөн.

«Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө биринчи болуп төрөлгөндөр (00:00) – 3,520 кг салмактагы кыз, бою 49 см. Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборунда — 4,050 кг салмактагы кыз, бою – 59 см. Чүй районунун Кемин ЖДПБДА – 3,015 кг салмактагы эркек бала, бою – 51 см. Жалал-Абад бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө – 3,650 кг салмактагы кыз, бою – 52 см», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп төрөт Ош шаарында жана Ош облусунда болгон – 88 төрөт, Жалал — Абад облусунда 57 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкекте 52 ымыркай төрөлгөн.

703