Аксыда селден каза болгон 8 кишинин жетөө Ак-Жол айылынын, бири Жаңы-Жол айылынын тургундары болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Катуу жааган өткүндөн суу ташкындап Жолборсту айылындагы чатырды каптаган. Анын ичиндеги 7 кишинин баары каза болгон. Алардын алтоо бир үй-бүлө мүчөлөрү. Алардын улуусу 1958-жылы туулган аял киши. Анын 1981-жылы туулган кызы жана неберелери: 2009-жылы туулган, 2014-жылы туулган, 2005-жылы туулган, 2018-жылы туулган балдар.
Алар менен бирге Ак-Жол айылынан 2009-жылы туулган бала конокко келген. Ал да каза болду.
- 1958-жылы туулган Б.Ж.К.
- 1981-жылы туулган Ш.Б.Т.
- 2009-жылы туулган Ш.А.А.
- 2014-жылы туулган Ш.А.А.
- 2005-жылы туулган Т.П.Н.
- 2009-жылы туулган О.Н.О.
- 2018-жылы туулган Т.Ф.Н.
- 2016-жылы тууоган К.А.ны суу агызып кеткен.
ӨКМ 6 адамдын жансыз денелери табылып, 2 адам (2018-жылы туулган Т.Ф.Н. менен 2016-жылы туулган К.А.) изделип жатканын билдирет.
Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучуларынан сырткары 200дөй жергиликтүү тургундар катышкан.