13-июлга карата дагы 1 миң 292 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында – 720, Ош шаарында – 38, Чүй облусунда – 196, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 49, Жалал-Абад облусунда – 101, Баткен облусунда – 118 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7, Чүй облусунда бир, Ош облусунда бир, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 142 миң 270 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 119 миң 694 киши айыгып чыкса, 2 миң 123 адам каза болду.