6-июль күнү 1967-жылы туулган М.С. аттуу жергиликтүү тургун Кара-Суу районунун, Кызыл-Суу айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Буга ылайык издөө иштери башталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аны туугандары өз алдынча издешкенде, Куршаб дарыясынын жээгинен бут кийими табылган.
“Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 20 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришти”, — деп берилет маалыматта.