Алматыда үч медициналык мекеменин кызматкерлери ПЧР-тесттерди жана эмдөө паспортун жасалмалоого шектелишүүдө. Бул тууралуу аймактык полициянын версиясына таянып жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки жеке клиниканын кызматкерлери биоматериал албай туруп, сыйакыга ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын берип турушкан. Жеке тинтүүнүн алкагында ПЧР-тесттеринин жыйынтыктары менен акчалай каражаттар табылган. Ошондой эле №4 шаардык клиниканын медайымы да кармалган.
Медайым 15 миң теңгеге жарандын эмдөө алганы тууралуу жалган каттоо жүргүзүп турган.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Казакстандын коррупцияга каршы кызматы Акмоло жана Алматы облустарында эмдөө паспортторун жасалмалаган медициналык кызматкерлерди кармаган.