13-июль эрте мененки саат 7:00гө карай Аксыдагы селден каза болгон 6 адамдын жансыз денеси табылып, экөө дайынсыз болууда. Издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Эске салсак, кечээ 12-июль кечки 6да Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел Таштак айылын каптап кеткен.
Натыйжада аталган айылдын 8 жаранын сел агызып каза болду. ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринен 6 адамдын (2 эркек, 4 аял киши) жансыз денелери табылып, сел калдыктарынан алынып чыгарылды. Аты -жөндөрү такталууда. Калган 2 адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок.
Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Издөө иштери бүгүн, 13-июль улантылууда, кошумча маалымат берилет.