Кечээ, 12-июлда ТИМдин орун басары Айбек Артыкбаев Нур-Султан шаарында жайгашкан резиденцияда Кувейттин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тарек Аль-Фаражды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгынын маселелерин жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактары боюнча өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашкан.
Жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу максатында, тараптар Кувейт Мамлекетинин Соода-Өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн Бишкек шаарына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн иш-сапарын уюштурууну макулдашышты.
Аны менен катар, тараптар ушул жылдын июнь айында Кувейттин “Jazeera Airways” авиакомпаниясы тарабынан иштей баштаган Эль-Кувейт — Бишкек шаарларынын ортосунда түз аба каттамы ачылгандан бери Кувейт жана араб өлкөлөрүнөн туристтердин агымынын көбөйгөндүгү белгиленди.