12-июлда саат 20:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, жети кишини агызып айылга чейин алып келген. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратовго шилтеме берип «Азаттык» жазып чыкты.
«Саат 22:00дө беш жарандын сөөгү табылды, экөө изделип жатат», — деди Султанмуратов. Издөө иштерин ӨКМдин Аксыдагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү эл жүргүзүүдө.