7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир мандаттуу талапкер Дайырбеков ишенимдүү адамы акча менен кармалды

707

Шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкер Т.Э. Дайырбекдун ишенимдүү өкүлү “П.А.Д.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, “П.А.Д.” «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын бузуу менен КР ЖК депутаттыгына талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери болуп, КР айрым жарандарын мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды акчалай сыйлыкка сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган “П.А.Д.” тарабынан добуштарды сатып алуу фактылары боюнча фактылар такталып, 2021-жылдын 26-ноябрында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен кармалды. Ошол эле учурда, алар тарабынан штаб катары пайдаланылган жайларды жеке тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын ЖК депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан КР шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, КР колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708