7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек соту Момбековдун талапкердигин калыбына келтирип, БШКнын чечимин жокко чыгарды

641

Бишкек шаардык административдик соту, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү боюнча БШКнын чечимин четке какты.  Бул тууралуу Момбеков «Азаттык» радиосуна билдирген. маалыматты Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы да тастыктады.

«Арыз ээси Рыскелди Момбековдун ишин караган сот БШКнын 24-ноябрда чыгарган №1315 номурдагы чечимин мыйзамсыз деп тапты. Ага ылайык арыз ээсинин талапкерлиги чечим чыккан учурдан калыбына келтирилүүө тийиш. Нааразы болгон тараптар 3 күн ичинде Жогорку Сотко кайрала алат«-деп жазылатБишкек шаардык сотунун маалыматында.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков, чечим чыгарган судьяс Азиз Эшалиевдин чечимин акыйкат, адилет деп эсептээрин билдирип, Азаттык радиосуна кабарлаган.

Эскерте кетсек, быйыл жаңы мыйзамдарга ылайык талапкерлердин жогорку билими талап кылынып, дипломдору текшерүүгө алынган. БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаровдун айтуусунда, шайлоодон четтетилген 40 талапкердин көпчүлүгүңүн дипломунда көйгөйлөр жаралгандыктан, өз ыктыяры менен шайлоого катышууданбаш тартышкан.

Момбековдон сырткары «Бүтүн Кыгызстан» партиясынын талапкери Кыянбек Сатыбалдиевдин да дипломунун түп нускасы табылбай калган. Бирок ал документте аты туура эмес жазылып калып, кийин оңдолгонун тастыктап берген.  Бул ишти териштирүү дагы да уланууда.

Ал эми Момбековдин дипломуна келе турган болсок, 2003-жылы Кыргыз Улуттук Университетинен юрист адистиги боюнча алган алгачкы дипломунун түп нускасы жок, жасалма экендиги аныкталгандыгын УКМК билдирген. Бул маалыматты кийин аталган окуу жай да тастыктап, Момбеков көрсөтүп жаткан диплом копиясындагы 196-номур менен Михаил Стародубов деген жаранга бухгалтердик эсеп адистиги боюнча диплом берилгенин кабарлаган. Биринчи диплому жасалма болгондуктан, экинчи Дикимбаев атындагы дипломатиялык академиядан алган диплому да мыйзамсыз болуп чыкты.

Момбеков, башында дипломунун түп нускасы өрттөнүп кеткендигин гана айткан. Кийинчерээк, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерден жогорку билимди талап кылуу мыйзамсыз деп чыкты.

Эске салсак, Бишкек шаардык соттун чечими, Момбековдун диплому жасалма эмес экендигин тастыктабайт. Ал болгону «дипломдун жасалма экендиги соттун чечими менен тастыкталганга чейин, талапкерди шайлоодон четтетүү мыйзамсыз«-деген чечим.

Демек талапкер Рыскелди Момбеков, шайлоодон өтсө деле, дипломун тастыктаганга чейин мандат ала албайт. 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642