7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир нече шоу бизнес өкүлдөрүнүн эрке уул-кыздары 1-класска барышты (ФОТО, ТИЗМЕ)

3679

Быйыл, 2021-жылдын 15-сентябрында окуучулар, студенттер жана мугалимдер билим күнүн майрамдашууда. Бул жылы кайсы белгилүү инсандардын балдары мектеп босогосун аттады, төмөндө тизмектеп көрөлү:

  1. Эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыеванын кызы Эркеле мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Менин Эркелем бүгүн 1-класска барды. Жаным менин. Убакыт учкан куш. Баардык балдарды окуу башталышы менен куттуктайм. Ар бир балдар, кыздардын келечеги кең болсун”, -дейт ал .

  1. Ал эми клипмейкер Эрнис Сыдыков менен жубайы, актриса Кымбат Азизованын ортоңку уулу 1-класска барды.

“Эмнегедир күздү сүйөм. Убакыт тез өтүп жатат, менин балдарымдын бири 2-класска, экинчиси 1-калсска кирип жатат. А биздин кичинекейибиз балдар бакчасына барып, өз алдынча тамак ичип калды. Өзүм дагы мектепке баргым келип жатат. Балдарым менин тиректерим, менин коргоочуларым. Мен силерди жакшы көрөм, ден соолукта болуп, акылдуу болгула”, — дейт Азизова.

  1. Ырчы айым Анжелика Кайратованын кичүү кызы Айлин бала бакчага эмес, мектепке чейинки даярдоо классына кадам таштады. Бул тууралуу ырчы айым менен айлин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти.

4. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы Самара Каримованын уулу мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу кубанычын ырчы айым Instagram баракчасына билдирди.

“Билим күнүңүздөр менен. Ар бир ата-эненин кыялы, максаты балдарына татыктуу тарбия берсем дейт. 3 балам 1-2-3-класска барды. Келечегинер кең болсун. Балдарыбыздын өнүккөн өлкөлөрдө каалаган окуу жайында татыктуу билим алуусун каалайм. Баланын кичинекей сүйүнүчү да ата-энеге бакыт турбайбы. Ылайым элдин керегине жараган уул-кыздардан болгула канаттарым”, — деп жазган.

  1. Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртастын кенже уулу Хан Нуртас 1-класска аттанды. Бул тууралуу ырчы мырза өзүнүн социалдык баракчасына жазда.

6. Тамашоучу, алып баруучу Санжар Мыкыевдин тун кызы Фатима дагы мектепке чейинки даярдоо классына барып, ата-энесин кубантууда.

7. Фольклор ырчысы Эльзар Өскөнбаеванын баласы уулу да биринчи класстын окуучусу болду.

8. «Тамашоу» лигасынын негиздөөчүсү, алып баруучу Эрмек Нурбаевдин үчүнчү уулу Тынай дагы биринчи класска барат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3680