Бүгүн, 15-сентябрь Мурат Осмонов Ленин районунун акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Осмонов ушул жылдын июнь айында Ленин районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин Свердлов районунун акими болчу.
Ушул эле күнү, мэрдин жаңы буйругу менен Ленин районунун акими болуп, Русланбек Тагаев дайындалды.