Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баа 50 тыйынга арзандады. Бул тууралуу маалыматты Нефтетрейдерлер ассоциасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрга карата май куюучу жайларда күйүүчү майдын бир литри 0,5 сомго арзандады.
“Ошондой эле ата мекендик нефтетрейдерлерде 60 күнгө жете турган бензиндин кору бар”, — деп айтылат маалыматта.