Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диогнозу менен жабыркап келген Аруузаттын атасына 15 миң 600 АКШ долларын берди. Бул тууралуу балбан өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Бүгүн Аруузаттын атасына 15 миң 600 долларды тапшырдым, бул сумма аукциондук төлөмдүн жалпы суммасынын 60%ын түзөт. Калган 30%ы “Апаке” фондуна, 10%ы Ак илбирсти коргоого жумшалат”, — деп жазды Махмудов.
Эске салсак, 25-августта Ысык-Көлдө Gamma бизнес-форумунда Акжол Махмудовдун Токио Олимпиадасында кийген трикосу аукциондо 26 миң долларга сатылган.