Баарыбызга белгилүү болгон Aplle компаниясы iPhone 13 смортфонун чыгарды. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, компания жаңы үлгүдөгү смартфондун төрт түрүн сунуштады. Алар “iPhone 13 Pro Max” (баасы 1099 доллардан баштап), “iPhone 13 Pro” (999 доллар), “iPhone 13” (799 доллар) жана “IPhone 13 Mini” (699 доллар)
Смартфондун сырткы көрүнүшү мурдагы “iPhone 12” смартфонунан бир аз айырмаланат. Маселен экрандын айланасы бир аз кичирейген. Ошондой эле А15 Bionic чили менен жабылган. Бул башка смартфондорго салыштырмалуу бир топ ылдам иштөөгө шарт түзгөн жабдуу экенин компаниянын өкүлдөрү белгилешкен.
“iPhone 13 Pro” смартфонунун камерасы үч линза менен чыгарылган. Эки кең бурчтуу жана бир портреттик. Ошондой эле макро сьемка жасоого да ыңгайлашкан. Apple смартфондун бул жаңы мууну сүрөттү иштеп чыгуу өзгөчөлүгү жагынан бардык смартфондорду артка калтырарын айтышууда.
Ал эми “iPhone 13” кош линзалуу. Ал ошондой эле киномотографиялык сьемкаларды жасоого да мүмкүндүк берет. Колдонуучулар камеранын обьективин видео тартуу учурунда да өзгөртө алышат.
“iPhone 13” жогорку эс тутумга ээ. Жаңы үлгү 1 террабайтка чейин (Pro) жана 512 гигабайтка чейин маалымат сактай алат. Андан тушкары өнүгүп келе жаткан 5G интернет түйүнүндө иштей алат. Ал эми смартфондун кубаты мурдагы үлгүгө караганда күчтүүрөк болору айтылууда.