
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 118 жарандан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары — 47
Ош шаары — 2
Чүй облусу – 23
Ош облусу — 10
Талас облусу — 4
Нарын облусу — 10
Ысык-Көл облусу – 14
Жалал-Абад облусу – 8
Муну менен республика боюнча оорудан жабыркагандардын саны жалпы 83 миң 703 болду.

Ал эми бүгүн, 22-январга карата коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 155и сакайды.
Бишкек шаары – 58;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 46;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 19;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 3.
Өлкө боюнча ооруну жеңгендердин саны 79 миң 664кө жетти.

Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы дагы 2 адамдын өмүрүн алды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, каза болгон жарандардын бири Чүй облусунда, экинчиси Ысык-Көл облусунда катталды.
Муну менен өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 396 болду.