7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир жумада жол эрежесин бузган 224 чет өлкөлүк унаа аныкталды

471

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 224 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-25-сентябрь күндөрү каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн жана жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Жол эрежесин бузган чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Россияныкы — 178, Арменияныкы — 15, Абхазияныкы — 10, Грузияныкы — 12, төрт жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Ошондой эле ар кандай багытта эреже бузган беш автоунаа айып короосуна киргизилген.

Белгилей кетсек, кайгуул кызматынан бул багытта иштер улантылат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

472