7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир жылдан бери чечилбей келген батир Айсулуу Тыныбековага өткөрүлүп берилди

288

Бишкек шаардык кеңеши батирди Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Токтом бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында жактырылды.


Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрь айында Айсулуу Тыныбековага батир тапшырган. Кийинчерээк батир Москва, 191 көчөсүндө жайгашкан Нариман Түлеевдин наамына конфискацияланган үй экендиги айтылган. Башкача айтканда, турак жай муниципалдык менчикте болгон.


Бир жылдан бери Тыныбекованын батирин өткөрүп берүү маселеси чечилбей келген. Бишкек шаардык кеңешинин комиссияларында бул батирди муктаж болгондорго берүү максатка ылайыктуу деген пикирлер да айтылды. Бирок бүгүн бул маселеге чекит коюшту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

289