7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бириккен Араб Эмиратынан Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып келаткан жүк аныкталды

529

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында иштейбиз дешип, уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, айрым ишкерлер Кыргызстандын жарандарынын арасынан материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу максатында, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, БАЭден КР кымбат баалуу мобилдик аппараттарды жана аксессуарларды аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкан.

Тактап айтканда, 19-майда «Манас» Баажы каттоо жеринин бажы контролунун аймагына, ичинде кымбат баалу 5759 даана мобилдик аппараттар түрүндөгү жүгү менен, «SIVAS TRADE» ЖЧКсына таандык жүк ташуучу учак келип конгон.

Андан соң, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен мурда алдын ала макулдашылган схема боюнча тиешелүү жүк ташуу документтерин толтурбастан, эки «Мерседес-Бенц» автоунаасына жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Аталган автоуналар токтотулуп, ичиндеги жүктөр текшерүүгө алынган.

Жогорудагы автоуналарды текшерүү учурунда 5567 даана кымбат баалуу телефондор, 127 даана кулакчындар (наушник) жана 64 даана сааттар табылган. Товарларга тиешелүү жүк ташуу документтери жок болгондуктан, жүк мыйзамсыз түрдө аткезчилик жол менен экспорттолгон.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери «Манас» Баажы каттоо жеринин улук инспектору аталган А.Н.К.дан «Чыгарууга уруксат берилди» деген штамп алган.

Бул факты боюнча материалдар тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

530