7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи айым Айгүл Жапарова Венгриянын Музыка үйүнө барды (ФОТО)

580

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапештте жайгашкан Венгриянын Музыка үйүнө жана анын музейине барды.

Айгүл Жапарова Венгриянын Улуттук жыйынынын (парламентинин) Вице-спикери Марта Матраи жана Музыка үйүнүн директору Андраш Баттанын коштоосунда Венгриянын борбор калаасынын көрүнүктүү жерлеринин бири болгон Европадагы эң ири шаардык маданий комплекс менен таанышты.

Венгриянын музыка үйү – бул Будапешттеги интерактивдүү көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбору.

Биринчи айымга Европадагы маданий шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эң ири демилге болуп саналган Музыка үйүн куруу долбоорунун жаралышы жөнүндө кеңири айтып беришти.

Айгүл Жапарова Венгриянын Музыка үйүн жана музейди кыдырган учурда, ага Саякбай Каралаевдин аткаруусундагы «Манас» эпосунан үзүндү ойнотулган экспозициянын уникалдуу элементин көрсөтүштү (көргөзмөнүн идеясы боюнча венгер фольклордук музыкасынын калыптанышында кыргыз фольклору роль ойногон).

Ошондой эле, Венгриянын Музыка үйүнө барганда Биринчи айым үчүн атайын жаш музыканттын музыкалык аткаруусу коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581