7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи май РИИБнин тергөөчүсү кармалды

588

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык бөлүмүнүн опер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, ИИМдин аталган кызматкери, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, «Телеграм» жана «Вотсап» социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүү жолу аркылуу жарандардан мыйзамсыз түрдө баңгизатын алуу боюнча мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталган.

Жогорудагы кызматкерлер, мессенджерлерди колдонуу максатында баңгизатын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен шантаж кылышып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң АКШ долларына чейин акча каражатын талап кылышкан.

Кармалган жаран Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589