7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Алматы автобусу каттай баштады

727

Күн сайын саат 8:00, 10:00, 12:00, 14:00 жана 18:00дө Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, ыңгайлуу автобустар жүрүп баштады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.

Билеттин баасы 600 сомду түзөт жана аларды beket.kg сайты аркылуу аралыктан же автобекеттин кассасына келип алууга болот.
Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар ошол эле сааттарда чыгат. Билет баасы 3000 теңге.

Мындан тышкары, Батыш автобекетинен Бишкек-Ташкент, Бишкек-Джизак, Бишкек-Красноярск, Бишкек-Тюмень, Бишкек-Артуш жана Бишкек-Кашгар эл аралык каттамдары боюнча автобустар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жакынкы аралыкта Бишкек-Самарканд каттамы ачылуу алдында турат.

 

728