Бишкекте курал колдонулган мушташка байланыштуу тогуз киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 7-каналга Ленин РИИБ кабарлады.
13-майда шаардын Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, ок атылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Кармоо учурунда мушташта ок атылган тапанча алынып, экспертиза дайындалды.
Учурда окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.