7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Каракол аба каттамы 19-декабрдан тарта аткарылат

572

19-декабрдан баштап Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

«Мындан ары бейшемби жана жекшемби күндөрү жумасына 2 жолу аталган багыт боюнча уча аласыздар. Билеттердин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу бекер. Билеттерди asmanairlines.kg же App Store, Google Play asmanairlines.kg тиркемесин жүктөп алып, ошол жерден сатып алсаңыздар болот. Ош-Каракол, Каракол-Ош багыты боюнча каттамдар тууралу маалыматты жакын арада кабарлайбыз. Ийгиликтер коштосун! Асманыбыз ачык болсун!»,- деп берилет билдирүүдө.

573