Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарынын түптөлгөн күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кадырлуу калаабыздын коноктору! Сиздерди Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Бишкек шаарынын түптөлгөн күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бишкек мамлекетибиздин экономикалык, маданий жана саясий борбору гана эмес, өлкөбүздүн «жүрөгү» болуп эсептелет. Керилген кең Чүйдө жайгашкан шаарыбыз мындан 144 жыл мурун түптөлүп, андан бери өнүгүп, гүлдөгөн калаага айланды. Көркөм имараттар, кооз көчөлөр курулуп, түрдүү маданий жайлар жана парктар жасалды. Айрыкча, Совет маалында “жашыл шаар” катары таанылып, көпчүлүктү өзүнө тартып турган.
Ардактуу кыргызстандыктар!
Азыр да калаабыз кеңейип, күндөн-күнгө жаңылануу үстүндө. Заманбап имараттар салынып, жаңы жолдорду жана көчөлөрдү куруу жаатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Түрдүү соода жайлары, өндүрүштүк ишканалар иштеп, өлкө экономикасына эбегейсиз салым кошулууда. Көптөгөн этностордун өкүлдөрү жашаган калаабыз мындан ары да ынтымак, биримдик жана талыкпаган эмгек менен өнүгө берет деген ишеничтебиз. Келечекте Бишкегибиз Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык байланыш борбору болоруна үмүтүбүз чоң. Андыктан, алдыбызда дагы далай ашуулар бар. “Жашыл шаар” даңктуу наамын кайрадан кайтарып, көз жоосун алган керемет калааны калыптандырышыбыз кажет. Жүрөгүбүзгө кандай кам көрсөк, өлкөбүздүн «жүрөгүнө» да ошондой кам көрүп, калаабызды өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз!
Дагы бир жолу баарыңыздарды Бишкек шаарынын түптөлгөн күнү менен куттуктап, мамлекетибизге тынчтык, калаабызга жаркын келечек каалайм! Ынтымактын ыры ырдалып, борборубуз гүндөп-өнүгө берсин!»,- дейт Жогорку Кеңештин төрагасы.