7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы лицензия алган спортчулардын ар бирине 100 миң сомдон ыйгарды

2772

Бүгүн, 20- апрель Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов эл аралык турнирден лицензия утуп келген спортчуларды куттуктады.
Калаа башчысы спортчулар менен машыктыруучуларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Токиодогу Олимпиада оюндарында ийгиликтерди каалады жана акчалай сыйлык, сертификаттарды тапшырды.


100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйлангандар:
1. Айсулуу Тыныбекова;
2. Мээрим Жуманазарова;
3. Жоломан Шаршенбеков;
4. Дарья Маслова;
5. Айпери Медет кызы;
6. Атабек Азизбеков;
7. Узур Джузупбеков
8. Эрназар Акматалиев;
9. Азат Аманбеков;
10. Владимир Золоев.

Алардын тренерлери менен мугалимдерине 50 миң сом акчалай сыйлый тапшырылды.

1. Изабеков Нурбек Канатбекович;
2. Махмудов Хаким Махмудович;
3. Калилов Уран Калилович;
4. Мамбетов Кубат Раатбекович;
5. Тупик Андрей Васильевич;
6. Джуманазаров Рахмадилла Кадыркулович;
7. Мамышев Ырысбек Барыктабасович;
8. Юнусов Абдужалил Мажитович;
9. Борисова Татьяна Викторовна.

«Ыраазычылык баракча» жана белектер менен төмөндөгүлөр сыйланды:

1. Бекбоев Жолдошбек Доталиевич;
2. Бокоев Бактыяр Макенович;
3. Кулматов Кочкорбек Заирбекович;
4. Беккулов Талант Асылбекович.

«Урматтуу спортчулар! Сиздердин жеңишиңиздер биздин өлкөнүн, шаарыбыздын сыймыгы. Миллиондогон жарандар сиздерден өзүнө жана командага болгон ишенимди үйрөнөт, спортко келип, ден-соолукту, жигердүү жашоону тандайт деген ишенимдебиз.
Айсулуу, Мээрим, Жоломан, Дарья, Айпери, Атабек, Узур, Эрназар, Азат жана Владимир – азаматсыздар, жеңишке болгон эркиңиз, ийгиликке болгон ишеним, чыдамдуулук жана талыкпас эмгегиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Эч качан ошол жерде токтоп калбаңыздар! Ийгилик, чың ден-соолук жана Токиодогу Олимпиада оюндарында жеңиштерди каалайм! Эл аралык спорт аренасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу бийик желбирей берсин! Урматтуу машыктыруучулар! Спортчуларыбыздын ар бир жетишкендиги, ар бир жеңиши — бул силердин эмгек. Андыктан корогон убакыт, эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем! «,-деп жазылат мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун куттуктоосунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2773