7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы: Муктаж жарандарга жаңы жылдык белектерди берүүнү улантууда

782

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү муктаж жарандарга жаңы жылдык белектерди берүүнү улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, профсоюздук чегерүүлөрдүн эсебинен эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жаткан онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жаңы жылдык белектер таратылды.

Ал эми «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ымыркайлар үйүнө барып, керектүү жардамдарды көрсөтүштү. Мекемеге 2 муздаткыч, микротолкундуу меш, казан, идиш-аяк жана оюнчуктар белекке берилди.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартып, кайрымдуулук иштерин жасоодо.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783