7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат

565

Москва шаарында өткөн эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрациясынын  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына кыргызстандык адистер катышты.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, жыйынтыгында 2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поездинин ишин калыбына келтирүү боюнча Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынды. Бул багыт боюнча поезд жумасына эки ирет каттоосу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган багыт боюнча поезд каттамы 2022-жылы Москванын транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.

Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат. Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет.

566