Москва шаарында өткөн эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрациясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына кыргызстандык адистер катышты.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, жыйынтыгында 2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поездинин ишин калыбына келтирүү боюнча Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынды. Бул багыт боюнча поезд жумасына эки ирет каттоосу күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, аталган багыт боюнча поезд каттамы 2022-жылы Москванын транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.
Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат. Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет.