ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайындагы кызматкерлердин кызмат өтөө тартибин текшерип, оор жана коопту жүктөрдү ташыган унааларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын койду.
Ошондой эле Төө ашуудагы тоннелдеги унаа жүрүүчү жолдордун абалына жеринен кароо иштерин жүргүзүп, аныкталган кемчиликтерди орундатуу үчүн тийиштүү кызматтарга сунуштамаларды берүү тапшырмасын койду.
Айрыкча айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жолдорду өз убагында тазалоо, ашууларда кар жааган учурда жолдорго тезинен кум, түз өңдүү инерттик каражаттарды себүү, жаандан кийин көлчүктөр пайда болгон чуңкурча жолдорго тезинен оңдоо-түзөө жана жамоо иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү кызматтар менен иш алып баруу талабын койду.