7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Ош унаа жолунда 4 айда 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жаракаттарды алышкан

640

Бишкек-Ош унаа жолунун (6-60-чакырым) бөлүгүндө жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу ИИМдин ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4 айында эле аталган унаа жол тилкесинде 74 жол кырсыгы катталып, анда 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

«Ошол эле маалда түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү түрүндөгү кырсыктардын келип чыгышынын негизги себептеринин бири –көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылдын 3 ай ичинде Сокулук, Москва, Жайыл райондорунун ЖККК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинин талаптарына ылайык 493 жөө жүргүнчү жоопкерчиликке тартылган. Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында жолдун аталган бөлүгүндө подряддык уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кытай темир жол инженердик компаниясынын жетекчисине 2022-жылдын 25-февралына чейин коопсуздук коркунучун жараткан жолдорду тейлөөдөгү аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө көрсөтмө жазылган.

Ал эми көрсөтмөнүн талаптарын аткарбагандыгы үчүн Кытай темир жол инженердик компаниясынын ЖКК боюнча инженерине КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 23 000 сом айып салынган. Бирок, текшерүү учурунда белгилүү болгондой, узак убакыт бою бул иш-чаралар аткарылган эмес.

Ошондой эле, 29-мартында комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен 11 жерге шумдуу тилкелерин коюу, 4 жерге чакырылуучу жөө жүргүнчүлөр светофорун куруу, кошумча 4 жерге темир тосмолорду орнотуу, кийинки бурулуштун жана кескин бурулуштардын жакын аралыгына байланыштуу 17 жерге парапеттер менен артка кайтаруучу жерлерди жабуу боюнча кошумча сунуштар киргизилген»,- деп берилет билдирүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

641