7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында 100 орунга ылайыкталган бала бакча ачылды

463

Бишкекте Салык кызматынын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна курулган №11 жаңы бала бакча балдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин педагогдор, Бишкек шаарынын ардактуу жараны Лидия Каткова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев, Биринчи май районунун акими Максат Нусубалиев ачышты.

Бала бакчанын аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Бул жерде төрт топтук ячейка бар: 2 жаш, 1 орто жана 1 улуу топ. Жалпысынан бала бакча 100 балага ылайыкташкан.

Балдар үчүн ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык, спорттук залдар жана дааратканалар каралган. Биринчи кабатта кир жууган, азык-түлүк сактаган жана техникалык жай жайгашкан.

Бала бакчанын курулушуна шаардык бюджеттен 35 млн сом бөлүнүп, курулуш иштерин мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын арызы боюнча «Эм Эс Билдинг» компаниясы жүргүзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

464