7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 100 миң киши батчу аянт салынат

652

Бишкекте 100 миң киши бата тургандай аянт салынат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Эгемендүүлүк майрамы белгиленген 31-августта борбордук аянтка эл батпай, өлкө жетекчилигин ойго салган.

«100 миң киши бата турган аянт салуу боюнча тапшырма берилди. Бул жакшы нерсе да, өсүүгө алып келет. Кыргызстандын талабы, элдин активдүүлүгү аябай өсүптүр. Борбордо жашоочулардын саны да өсүптүр. Усубалиев атабыз салып кеткен аянт жаңыланууну, башка бир жерге майрамдык иш-чараларды өткөрө турган жер салууну талап кылып калыптыр. Жакынкы күндөрү ошол аянтча менен камсыздайбыз», — деген Максутов.
653